13:23, 06 июня 2024, 24.kg

Кыргызстан — Малайзия беттеши. Бишкектеги эки көчө жабылат

Бүгүн, 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын футбол боюнча курама командаларынын беттеши өтөт.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдыдагы беттешке байланыштуу борбор калаада саат 14:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдүн тилкелери жабылат:

— Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;

— Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18