17:31, 05 июня 2024, 24.kg

Сауд Аравиясы Кыргызстанга 25 тонна курма берди

Бишкекте Сауд Аравиясынан Кыргызстанга 25 тонна курма өткөрүп берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, курмалар социалдык мекемелерге, атап айтканда карылар жана балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүлөт.

Белгиленгендей, жардам берүү долбоору Король Салман куткаруу жана гуманитарды жардам борбору тарабынан ишке ашырылууда.

Иш-чарага эмгек министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова, Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Король Салман куткаруу жана гуманитардык жардам борборунун өкүлдөрү, жана САПтын Финансы министрлигинин өкүлү Салих Альабдуллах катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18