17:19, 04 июня 2024, 24.kg

Чүйдө «Йакын — Инкар» агымынын 16 мүчөсү кармалды

Чүй облусунун аймагында «Йакын-Инкар» диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 31-майында УКМК менен ИИМ биргеликте Чүй облусунда тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары жашаган жеринде издөө иштерин жүргүзүп, алдын ала маалыматтар боюнча экстремисттик идеологияны үгүттөөчү көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар жана башка) табылып алынган.

Жыйынтыгында тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын «халифасы» деп эсептеген М.Б.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») негизинде айыпталуучу катары тартылып, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу кызматынын № 1 тергөө камак жайына киргизилген.

Калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18