09:37, 04 июня 2024, 24.kg

Казакстан «Талибанды» террордук уюмдар тизмесинен чыгарды

Казак бийлиги «Талибанды» өлкөнүн тыюу салынган уюмдар тизмесинен чагырды. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблея кеңешинин жыйынында билдирди.

Мунун себеби Ооганстандын талибдер көзөмөлдөп турган өкмөтү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ниети экендиги айтылды.

«Казакстан «Талибан» режимин террордук тизмеден чыгарды. Буга азыркы Ооганстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана бул режим узак мөөнөттүү фактор экенин түшүнүү негиз болду», — деди Токаев

Президент азыркы тапта Ооганстанды аймак аралык байланыштарга активдүү тартуу стратегиялык маселелердин бири болгондугун кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18