20:57, 03 июня 2024, 24.kg

Тизсиз жоо 21 жаштагы жарандын жанын алды

Аламүдүн районунда чыккан өрттө 21 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июнь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда Ак-Жол өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан «Бишкек-Алма-Ата» кафесинин артында жаңы салынган чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрттү өчүрүүгө саат 11:51де Аламүдүн райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 12:00дө экинчи күжүрмөн эсеп жардамга чыккан. Тилсиз жоо саат 12:34 чектөөгө алынып, саат 14:00 толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган Т.Н. уулу аттуу эркек киши каза тапкан. Ошондой эле 2003-жылы туулган К.М. аттуу жаран жабыркап, тез жардам унаасы менен шаардык N4 ооруканага жеткирилген. Маалыматка ылайык денесинин 9% күйүк алган. Абалы туруктуу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18