16:15, 03 июня 2024, 24.kg

Бүгүн 1-класска электрондук каттоонун II этабы башталды

Бүгүн, 3-июнда балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун II этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, II этаптын биринки күнү саат 12:30га карата 9 миң 628 бала катталды. Ал эми 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун I этабында 70 миң 16 бала катталган.

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

1. № 26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

5. № 13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

6. А.С. Пушкин атындагы № 17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

7. № 62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

8. № 37 мектеп-гимназия.

9. Чыңгыз Айтматов атындагы № 63 мектеп-гимназия.

10. Низами Гянджеви атындагы № 103 жалпы орто билим берүү мектеби.

11. Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназия.

12. Токтогул Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия комплекси.

13. № 33 мектеп-гимназия.

14. Райкан Шүкүрбеков атындагы № 38 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

15. № 100 жалпы орто билим берүү мектеби.

Эскерте кетсек, II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүрөт.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18