08:06, 03 июня 2024, 24.kg

Бүгүн Акылбек Жапаров Беларуска иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 3-4-июнунда иш сапары менен Беларусь Республикасына барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, «Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясына катышуу жана "Белагро-2024"эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.

ЕӨАКнин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүсү, трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету каралат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18