18:37, 31 мая 2024, 24.kg

Спортчуларга бөлүнгөн акчаны кымырып алгандар кармалды

Өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү катары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т, аталган дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. кармалды.

«Аталган жооптуу кызмат адамдары, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан «Көк-Бөрү», «Кыргыз улуттук классикалык күрөш», «Алыш бел боо күрөш», «Салбуурун», «Кулатуу», «Ат оюндары» федерацияларын көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркия мамлекетинде өткөрүлгөн «4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак ашына, байге фондуна жана «Окуу-машыгуу жыйындарын» өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарын өздөрүнө мыйзамсыз ыйгарып алышканы такталды», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында, тиешелүү болгон ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18