15:16, 31 мая 2024, 24.kg

Пияздын баасы 12-13 сомго түштү. Чыгымга кимдер учурады?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев пиязды экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жыйында пияз үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо менен Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жана глобалдык рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, тенденциялары талкууланды. Учурда Орусиянын жана Казакстандын рыногунда пияздын баалары төмөн болуп жаткандыктан Кыргызстанда өндүрүлгөн пияздын быйылкы түшүмүн сатууда көйгөй жаралып жаткандыгы белгиленди.

Дыйкандар пияздын өздүк наркы 1 кг 12-13 сомдон болуп жаткандыгын айтышты.

«Мисалы Орусияда пияздын 1 кг баасы орточо 26 рубль болуп жатса, логистикалык чыгымдар Россияга жеткирүү үчү орточо 18 сомго чейин болгондуктан экспорттоочулар чыгымга учурап калышууда. Буга байланыштуу пиязды экспорттоочулар министрликке аталган маселени чечүүгө жардам берүүнү суранышты», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Экономика жана соода министрлигине пиязды экспорттоодо логистикалык чыгымдарга жардам берүү боюнча тапшырма берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18