14:34, 31 мая 2024, 24.kg

Бүгүндөн тарта ата мекендик өндүрүштөгү паспорттор бериле баштайт

Бүгүндөн тарта ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды.

«Бүгүн мамлекетибиз ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсүн берип баштайт. Мурда жалпы жарандык паспорт Германия, ал эми ID-карта Түштүк Кореядан даярдалчу. Ал үчүн мамлекет чет элдик компанияларга 15 млрд сомдун тегерегинде акча каражатын жумшаган», — деп жазган Орунбеков.

Орунбеков мындан ары паспорттун эки түрү тең президенттин иш башкармалыгына караштуу «Учкун» басмаканасында даярдалып, мурдагы паспортко салыштырмалуу бир нече көп коргоо элементтери кошулуп, дүйнөдөгү ондукка кирген сапатта болоорун белгиледи.

«Эми мурдагыдай жасалма паспортторду даярдоо, шылуундуктарга жол берилбейт, миллиарддаган акча каражатыбыз мамлекетте калат», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18