14:15, 31 мая 2024, 24.kg

Эртеңден тарта жылуулук жана ысык суунун тарифи көтөрүлөт

Эртең, 1-июндан тарта Кыргызстанда жылуулуктун жана ысык суунун тарифи көтөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги бүгүн, 31-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин ысык суунун 1 гигакалориясы үчүн калк 1120 сом төлөсө, эми 1560 сомдон төлөм жүргүзүшөт.

Ал эми жылуулуктун буга чейин 1 гигакалориясы үчүн баа калкка 1248 сом болчу. Өзгөртүүлөргө ылайык, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 гигакалория үчүн 1 560 сомдон төлөйт. Батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.

Министрлик 2025-жылга чейинки тарифтик саясаттын негизинде энергетика секторунда өзүн-өзү актоо жана тарифти өндүрүүнүн реалдуу акысына ылайык адилеттүү түзүү максатын көздөй турганын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18