13:15, 31 мая 2024, 24.kg

Эртең балдарды коргоонун эл аралык күнү. Оштогу иш-чаралардын программасы

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чаралардын программасы:

— саат 10:00-15:00гө чейин Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында улуттук спорт оюндары, чуркоо мелдештери, атайын бий өнөрлөрү, асфальтка сүрөт тартуу жана башка оюн-зооктор өткөрүлөт.

— саат 17:00дө А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда балдар арасында Эл аралык жеңил атлетика түрү боюнча турнирдин ачылыш аземи болот. Иш-чара Кыргызстандын белгилүү ырчылары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолот.

— саат 13:00дө Бабур театрында «Raxsana в стране чудес» аталышындагы бий спектакли тартууланат. Кирүү акысыз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18