12:50, 31 мая 2024, 24.kg

ИИМ президенттин үнү коштолгон жарнамаларга ишенбөөгө чакырды

Ички иштер министрлиги социалдык тармактардагы өлкө жетекчилигинин үнү менен ар кандай инвестициялык компанияларды жарнамалаган жалган видеолорго ишенбөөгө чакырды.

Министрлик белгилегендей, видеолорго жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган өлкө жетекчилигинин үндөрү кошулган.

«Урматтуу жарандар, өлкө жетекчилигинин үндөрү менен жасалган жалган видеолорго жана үн билдирүүлөрүнө ишенбеңиздер. Эгерде сиздин социалдык баракчаңызга ушундай видеолор чыгып калса, ага ишенбөөнү жана башкаларга жөнөтпөөнү суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамда жалган маалымат тараткандар үчүн жоопкерчилик каралганы эскертилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18