17:30, 29 мая 2024, 24.kg

Бишкектеги 37 мектепте жайкы лагерлер ачылат

Бишкек шаарында 3-июндан 28-июнга чейин борбордун 37 мектебинде 4 миң 275 баланы камтыган жайкы мектеп лагерлери уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп лагерлери 20 күн бою саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт.

Мындан тышкары июль айында окуунун отличниктери жана активисттери, ошондой эле аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышат.

Ошондой эле шаарда балдардын чыгармачылык борборлору ачылып, каалоочулар ар кандай ийримдерге, секцияларга катыша алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18