13:31, 29 мая 2024, 24.kg

Алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн жаран Улан-Батордон кармалды

Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү жаран Улан-Батордон кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип жаткан 1981-жылы туулган С.Б. аттуу жаран Улан-Батор шаарынан кармалды. Шектүүнү издөө иштерин ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Казакстан жана Монголиянын Интерполу менен биргеликте жүргүзгөн.

Кармалган жаран алдоо жолу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, электрондук акча каражаттарын сатып алууда пайдалуу курсту убадалап, 100 миң АКШ доллары суммасындагы акчасын ээлеп алган. Шектүү 2023-жылы Польшадан экстрадицияланган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө үлгүргөн. Ошентип, ал фамилиясын өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Кармоо иш-чарасы Интерпол тарабынан изделип жаткан жүргүнчүлөрдүн маалыматтарын өз убагында алууга мүмкүндүк берген API/PNR тутумунун жардамы менен ишке ашырылды.

Азыркы учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан кармалган адамды экстрадициялоо маселелери чечилүүдө.

Photo 332530

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18