Кыргыз драма театры июнь айынын репертуарын жарыялады
Кыргыз улуттук драма театры июнь айында коюла турган спектаклдердин тизмесин жарыялады. Бул айда он бир спектакль коюлмакчы. Театр 23-июнда 97-театр сезонун Жалил Садыков калемине таандык «Төлгө» спектакли менен жабуу алдында турат.