16:20, 28 мая 2024, 24.kg

Свердлов райондук милициясынын башчысы дайындалды

Уланбек Аалиев Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.Бкл тууралуу ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, дайындоо жөнүндө буйрук бирдей кызмат ордун берүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга байланыштуу чыгарылган.

Уланбек Алиев буга чейин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын чечими менен ал реабилитация укугу менен кылмыш курамынын жоктугу үчүн көрсөтүлгөн бардык беренелер боюнча акталган.

Жогорку соттун соттук коллегиясы жогоруда көрсөтүлгөн чечимди күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек, Свердлов райондук милициясынын башчысы кызматын буга чейин Жеңишбек Абитов ээлеп келген. Ал Бишкекте чет элдик жарандардын катышуусундагы башаламандыкка байланыштуу күн мурун кызматынан алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18