15:13, 28 мая 2024, 24.kg

Баткенде турак үй өрттөндү

Баткенде турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-май күнү түнкү саат 3:18де Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 3:20да Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Ак-Сай айылындагы № 106 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 3:52де кошумча күч катары Самаркандек айылындагы. № 31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылды.

Таңкы саат 4:15те курчоого алынган тилсиз жоо саат 5:12де толугу менен өчүрүлдү. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18