12:27, 28 мая 2024, 24.kg

Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө. Себеби

Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда. Бул тууралуу Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары маалымат жыйынында Ильичбек Султанкулов билдирди.

«Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режиминин алкагында валюта курсунун кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында валюталык соодага катышат. Жыл башынан бери жөнгө салуучу орган 9 интервенция жасаган. Анын 7си чет элдик валютаны сатып алууга багытталып, жалпы 113 млн доллар чет элдик валюта сатып алынды», — деди Султанкулов.

Улуттук банк валюталык интервенцияны алмашуу курсун текшилөө максатында жүргүзөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүунү улантууда, бүгүн, 28-майга карата 1 доллар 88,98 сомдү түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18