11:11, 28 мая 2024, 24.kg

Акшумкарлар Жалал-Абаддагы «Барселона» академиясында машыгууларды баштады

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу үчүн Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, футболчуларды «Жалал-Абад» аэропортунан шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңшинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, спортчулар жана футболчулардын күйөрмандары тосуп алды.

Улуттук курама команда Жалал-Абаддагы «Барселона» академиясында машыгууларын башташат. Машыгуу 4-июнга чейин уланат.

Эскерте кетсек, футбол боюнча улуттук курама команда, Дүйнө чемпиондугуна жана Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында июнь айында Малазия жана Оман менен беттеш өткөрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18