09:55, 28 мая 2024, 24.kg

Бишкекте Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

Бүгүн, 28-майда Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Бишкек Мэриясынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүндөн тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды. Ал эми Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Иса Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18