16:39, 27 мая 2024, 24.kg

«Ак-Тилек» базары мамлекеттин балансына өттү

«Ак-Тилек» кооперативинин каржылык-экономикалык ишмердигинде өзгөчө ири өлчөмдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги тарабынан финансылык-экономикалык ишмердүүлүктө бир топ мыйзам бузуулар жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттери аныкталды.

«Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында УКМК тарабынан «Ак-Тилек» соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылды. Жыйынтыгында, «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 м2, баасы 700 млн сомдон ашкан «Ак-Тилек» базарын КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди",-деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18