14:08, 27 мая 2024, 24.kg

Евро-2024: УЕФА Орусиядан калыстарды чакырган жок

Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) 2024-жылкы Европа чемпионатында иштей турган калыстардын тизмесин жарыялады. Ага Орусиядан калыстар чакырылбай калган.

«Чемпионат» басылмасынын маалыматтарына караганда Еврофутбол оюндарына катыша турган жалпысынан 18 калыс чакыруу алган, алардын арасында орусиялыктар жок.

Эске сала кетсек, Европа чемпионаты 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин Германиянын 10 стадионунда өтөт. Акыркы жолу өлкөдө 2006-жылы ири футбол турнири Дүйнөлүк чемпионат өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18