13:30, 27 мая 2024, 24.kg

Депутат мамлекеттик экзамендерде акча чогултуу болуп жаткандыгын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов ЖОЖдор мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн студенттерден акча чогултарын айтты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 27-майда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Бизге кайрылуулар түшүп жатат. Алар студенттерди мамлекеттик экзамендерди тапшырууда акча талап кылып жатышыптыр. Баасын да жарыялашат экен, бул эмнеси? Аймактардан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Дайыма ушундай акча чогултулуп жатса, билим берүүнүн сапатын кантип өнүктүрөбүз? Студенттер эптеп эле университетти бүтүрүүнү каалашат, ошондуктан алар акча беришет. Мындан тышкары чет жакта жүргөндөр да экзамендерге акча беришет экен », - деп ачууланды.

Эл өкүлүнүн айтымында, УКМК коррупция менен күрөшүп жатса, Билим берүү министрлиги тескери кылышууда. Депутат Айбек Маткеримов маселени көзөмөлгө алууну суранды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18