12:19, 27 мая 2024, 24.kg

Аксыда сел каптаган үйлөр тазаланды

Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагында катталган кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган күч-каражаттардын жардамында 56 турак үйдүн короо-жайы тазаланып бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылында Кара-Жыгач — Сары-Челек авто жолунун болжол менен 2,5 чакырым аралыгы, Сарай-Сай сайынан түшкөн сел суулары сайдан ашып, 500 метр аралыкта ички чарбалык авто жолун каптаган. Мындагы суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамында унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов сел түшкөн аймактарды жеринен көрүп кооптулукту алдын алуу үчүн тиешелүү тапшырмаларды коюуда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18