10:58, 27 мая 2024, 24.kg

102 жашта үйлөнгөн түгөйлөр «Гиннесс» китебине арыз берди

АКШнын Пенсильвания штатындагы 100 жашында баш кошкон түгөйлөр «Гиннесс рекорддор китебине» кирүүгө арыз беришти.

Fox News телеканалынын маалыматына караганда, 100 жаштагы Берни Литтман менен 102 жаштагы Марджори Фитерман Филадельфия шаарындагы карылар үйүндө баш кошушкан.

Литтмандын небереси Сара Сичерман бул нике жашын рекорд деп ойлогондуктан «Гиннесс рекорддор китебине» кайрылгандарын айтты.

Литтман менен 102 жаштагы Фитермандын ортосундагы мамиленин 9 жылдан бери уланып келе жатканын белгилеген Сичерман: «Чоң атам үйлөнгүсү келгенин айтып бизди таң калтырды. Биз , кыска бир үйлөнүү үлпөтүн уюштура алабыз дедик. Бирок чоң атабыз өжөрлөнүп, чоң үйлөнүү тою менен баш кошушту» -деди.

Photo 332249

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18