13:17, 24 мая 2024, 24.kg

Кыргызстандан чыгып кеткен чет элдиктер кайтып келүүдө

Кыргызстандан чыгып кеткен чет элдиктер Бишкекке кайтып келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында эки-үч күндүн ичинде Пакистандан 338, Индиядан 13, Бангладештен 71 жаран Кыргызстанга кайтып келген. Ал чет элдик студенттердин массалык түрдө чыгып кетишин алардын окуусу аяктап, Пакистан өз жарандары үчүн атайын каттамдарды уюштурганы менен түшүндүрдү.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-май күнү кечинде башталган чет элдиктерге каршы стихиялуу нааразылык акциясы 18-майда эртең менен гана аяктаган. Милиция митингчилер менен тил табышып, Чүй проспектисин ачып, бир аздан кийин тарап кетишти. Саламаттыкты сактоо министрлиги нааразылык акцияларында 41 адам жаракат алгандыгын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18