12:04, 24 мая 2024, 24.kg

Орусияда кыргызстандык мигранттардын саны азайды

Орусияда Кыргызстандын 411 миң 226 жараны бар. Буга чейин мигранттардын саны 800 миң адамдан ашкан. Бул тууралуу бүгүн, 24 майда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандан келген мигранттардын саны боюнча Казакстан менен Түркия экинчи орунда турат. Ал жерде 65 миң жана 60 миң адам бар. АКШда 36 миң, Түштүк Кореяда 14 миң кыргызстандык жашайт.

Бакыт Дарманкул уулу башка өлкөлөрдө кыргызстандыктардын саны азыраак экендигин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18