11:45, 24 мая 2024, 24.kg

Бишкектин Төкөлдөш конушуна газ берилди

«Газпром Кыргызстан» компаниясы Свердлов районундагы Төкөлдөш конушун газдаштыруу долбоорун ийгиликтүү аяктады. Салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын вице-мэри жана ишкана жетекчилигинин катышуусунда өттү.

Бул окуяны Төкөлдөш айылынын тургундары көптөн бери күтүшкөн. Эми алар жаратылыш газына ээ болушту. Жергиликтүү тургундар «Газпром Кыргызстан» компаниясына ишенимдүү, экологиялык жактан таза энергетикалык ресурс үчүн ыраазычылык билдиришти.

Долбоордун алкагында конушта 10 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курулуп, 752 кожолук экологиялык жаратылыш газы менен жылытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Иш-чарага Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев, Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов жана конуштун тургундарын катышты.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18