10:36, 24 мая 2024, 24.kg

Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды

Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-майга караган түнү Айтматов районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 адамдын сөөгү табылган.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келип, өлтүрүлгөндөр бир үй-бүлө — 26 жаштагы аял жана анын эки жана төрт жаштагы балдары экенин аныкташкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү аныкталып, ал мурда адам өлтүрүүгө аракеттенгени үчүн сот жообуна тартылган, Ак-Башат айылынын жашоочусу 1976-жылы туулган К.Н. болуп чыккан.

Кармоо учурунда кылмышка шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18