17:37, 23 мая 2024, 24.kg

Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү

Photo 331810

Президент Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш куракка жеткен, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган эркектерге өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалышы мүмкүн.

Ошондой эле мыйзам менен КР Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда сот жазаны өтөөгө тоскоол болгон катуу оорунун бар экендигине карабастан баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамга жаза дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгараары каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18