17:18, 23 мая 2024, 24.kg

Кыргызстанга 8 унааны мыйзамсыз алып келгендер кармалды

Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, М.З.Ж. аттуу КР жараны өзүнүн шериктери менен 8 даана автоунаага жасалма документтерди колдонушуп, Кыргызстандын аймагында андан ары легалдаштыруу жана сатуу үчүн «Каркыра-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылышкан.

Атайылап жасалма документтерди колдонуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган М.З.З. аттуу жаран Каракол ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18