16:57, 23 мая 2024, 24.kg

Кытай Тайвандын жээктеринде масштабдуу аскердик машыгууларды баштады

 

Photo 331799

Кытай армиясынын чыгыш согуштук командачылыгы Тайвандын айланасында биргелешкен аскердик машыгууларды баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кытайдын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда машыгуулар эки күнгө созулат.

«Чыгыш согуштук командачылык зонасы 23-майда Тайван аралынын түндүгүндө, түштүгүндө жана чыгышында, ошондой эле Кинмень, Мазу, Вуциу жана Дунйин аралдарынын айланасында биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Чыгыш согуштук командачылык аймагынын өкүлү Ли Си машыгууда кургактык, деңиз күчтөрү, аба күчтөрү жана ракеталык күчтөр сыяктуу ар кандай аскерлердин колдонулаарын билдирди. Анын айтымында, машыгуулардын максаты күжүрмөн даярдыкты текшерүү жана согуш талаасын биргелешип көзөмөлдөө операцияларын жүргүзүү, ошондой эле негизги буталарга так соккуларды берүү болуп саналат.

Мындай ири машыгуу Тайвандын жаңы администрация башчысы кызматка киришкенден көп өтпөй башталды. Аралдын коргонуу департаменти Кытайдын аскерий машыгууларын провокация деп атады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18