12:48, 23 мая 2024, 24.kg

Ош шаарында 256,9 миллион сомдук базар мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан сот чечимдеринин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 256,9 миллион сомдук базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Ш.» ЖЧКсына Анаров (азыркы Достук) айыл өкмөтүнүн аймагындагы 0,31 га жер тилкеси мыйзамсыз каттоого алышкан.

Прокуратура мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган. Соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз канааттандырылды.

Натыйжада 256 млн 905 миң сомдук «Шахноза» базары Араван районунун Достук айыл өкмөтүнүн балансына өттү.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18