15:47, 22 мая 2024, 24.kg

«Алтын тамга»: Быйыл 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

Кыргызстанда быйылкы окуу жылында «Алтын тамга» мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгы менен 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 68 окуучу Бишкек шаарынан, 20 окуучу Чүй облусунан, 17 окуучу Ош облусунан, 9у Жалал-Абад облусунан, дагы 9у Баткен облусунан, 8 окуучу Талас облусунан, 6 окуучу Ысык-Көл облусунан, 6 окуучу Нарын облусунан, дагы 6 окуучу Ош шаарынан болгон.

Тест жүргүзүү 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты.

«Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча өттү. Тестти өткөрүүнүн максаты окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоо жүргүзүү, мектептеги билим берүүнү, стандартты жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18