21:35, 21 мая 2024, 24.kg

Сот Кеңешбек Дүйшөбаевди эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотту

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев эч жака кетпөө тил каты менен камактан бошотулду. Маалыматты 24.kg агенттигине жактоочу Эркин Саданбеков билдирди.

Мындай чечимди бүгүн, 21-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

Белгилей кетсек, буга чейин Дүйшөбаевдин жактоочусу Акын Авазбеков анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүүнү соттон өтүнгөн. Акыркы отурумдардын биринде Кеңешбек Дүйшөбаев ооруп калып, залга көтөрүп келишкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18