11:41, 21 мая 2024, 24.kg

Таластагы «Бала-Саруу» ГЭСин курууга 2,8 миллиард сом сарпталат

Талас облусундагы «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушуна Финансы министрлиги 2 миллиард сом бюджеттик насыя бөлгөн. Кийинчерээк Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кошумча 10 миллион доллар (882 миллион сом) алынган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун директору Улан Астаркулов билдирди.

Анын айтымында, ГЭСтин өндүрүштүк кубаттуулугу 25 мегаватт болот. Ал Талас облусунун электр энергиясына болгон керектөөсүнүн 60-70 пайызын жабат.

ГЭСти куруу боюнча президенттин буйругуна 2021-жылдын 2-июлунда кол коюлган. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин норвегиялык компания иштеп чыккан. Жабдуулар Австриядан, Россиядан жана Өзбекстандан алынып келинген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18