09:25, 21 мая 2024, 24.kg

2024-жылдын үч айында мигранттар Кыргызстанга 689,7 миллион доллар которушкан

2024-жылдын январь — март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 689,74 миллион доллар которулган. Мындай маалыматтар өлкөнүн Улуттук банкынын сайтында жарыяланган.

Бул 2023-жылга салыштырмалуу 12,8 пайызга же 78,34 миллион долларга көп.

Март айында Кыргызстанга сырттан 225,1 миллион доллар түшкөн. Бул бир ай мурункуга караганда 19,5 миллион долларга көп. Акча которуулардын көпчүлүгү Россиядан аткарылган — 207,5 миллион доллар. Башка мамлекеттерден Кыргызстанга 10,5 миллион доллар, АКШдан 5,2 миллион доллар которулган.

Photo 331392

Ошондой эле марттын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан башка өлкөлөргө 32,4 миллион доллар которулган. Бир айдын ичинде көрсөткүч 17,1 миллион долларга төмөндөгөн. Акчанын негизги бөлүгү Россияга (27,5 миллион доллар) жиберилген. 2024-жылдын үч айында эле өлкөдөн сыртка которулган акчалардын суммасы 138,27 миллион долларды түзгөн, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,33 миллион долларга аз

2024-жылдын январь — март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга акча которуулардын таза агымы 551,47 миллион долларды түздү.

Бул 2023-жылга караганда 98,67 миллион долларга же 21,8 пайызга көбүрөөк.

2023-жылы өлкөгө акча которуулардын көлөмү 2 миллиард 706,1 миллион долларды түзгөн. Кыргызстандан башка мамлекеттерге 561,2 миллион доллар которулган. Таза агым 2 миллиард 144,9 миллион доллар болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18