16:57, 20 мая 2024, 24.kg

Кытайда жер титирөө катталып, Кыргызстанда да сезилди

Кытайда жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 11:10до Кытайда MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу, Баш-Кайыңды, Казыбек, Жаңы-Көч айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөнүн очогу Нарын шаарынан түштүк-чыгышка карай 148 чакырым аралыкта жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын аймагында жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18