10:54, 20 мая 2024, 24.kg

Ошто мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермалар аныкталды

Ош облусунда бир нече майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Энергетика тармагындагы коррупцияны жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын жоюу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду. Майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык жабдуу алынды», — деп билдирди мекеме.

Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. УКМК майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп криптовалюта өндүрүшүн уюштурганын белгиледи.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18