09:28, 20 мая 2024, 24.kg

Кыргызстандын эл аралык резерви дээрлик 3,6 миллиард долларга жетти

Апрель айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3 миллиард 657,1 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Бул Улуттук банктын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.

Буга чейин, март айында (3 миллиард 491,16 миллион доллар) жана 2024-жылдын февралында (3 миллиард 323,82 миллион доллар), 2021-жылдын сентябрь айында (3 миллиард 241,14 миллион доллар), 2023-жылдын декабрында (3 миллиард 236,48 миллион доллар) резевдердин эң жогорку көрсөткүчтөрү катталган.

Photo 331240

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында эл аралык дүң резервдер март айына салыштырмалуу 165,94 миллион долларга, жыл башынан бери 420,62 миллион долларга өскөн. Өткөн жылдын март айына караганда 1 миллиард 318,91 миллион долларга же 56,4 пайызга көбөйгөн.

Улуттук банк резервдерди валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөр болгон учурда колдонот. 2023-жылы банк 14 интервенция жасап, 655,72 миллион доллар саткан. 2024-жылы Улуттук банк сегиз интервенция жасап, жалпысынан 31 миллион 850 миң доллар саткан жана 113 миллион 350 миң доллар сатып алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18