16:59, 17 мая 2024, 24.kg

Виза алууга жардам берүүнү убада кылган. Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шек саналган 22 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу  Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«13-майда арыз ээси Ж.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранып, кайрылган. Ал виза алууга жардам берүүнү убада кылып, ал үчүн 30 миң доллар алган. Андан кийин байланышка чыкпай калган. Факт Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча катталган», — деп айтылат маалыматта.

Photo 331033

Шектүү катары 22 жаштагы Ж.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталып жатат.

Кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар 0502777762 жана 102 номерлерине кайрыла алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18