14:50, 17 мая 2024, 24.kg

Жалал-Абадда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбек жараны кармалды

Милиция кызматкерлери чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 42 жаштагы өзбек жаранын кармашты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлери Өзбекстандын жараны облустун аймагында мыйзамсыз жүрөт деген маалымат алышкан. Аталган маалымат каттоого алынып, тиешелүү ыкчам иштери жүргүзүлгөн.

«Жалал-Абад шаарында Өзбекстандын 42 жаштагы У.А. аттуу жараны кармалды. Ага 2023-жылы оор кылмыш жасагандыгы үчүн өз өлкөсүндө издөө жарыяланган», — деп айтылат маалыматта.

Photo 330991

Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18