13:07, 17 мая 2024, 24.kg

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 миллион доллар насыя алат

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 18-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргызстанга абанын сапатын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу үчүн 50 миллион доллар насыя берилет.

Кредиттик каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат:

  • абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө;
  • абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртуу;
  • абанын сапатын контролдоо жол-жоболорун күчөтүү чөйрөсүндө техникалык көмөк көрсөтүү;
  • абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмалары;
  • жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү;
  • Бишкек шаарын жашылдандыруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды куруу.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18