12:01, 17 мая 2024, 24.kg

Бир жарым жыл мурда болгон куралдуу кол салуунун дагы бир катышуучусу кармалды

Бир жарым жыл мурда Кара-Суу районунда болгон куралдуу кол салуунун дагы бир катышуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана эл аралык террордук уюмдун мүчөсү.

Photo 330925

Эске салсак, 2023-жылдын 27-январында «ИГВХ» эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү акча каражаттарын алуу максатында беткап жана камуфляж кийимдерин кийип алып, Кара-Суу районунун Жым айылындагы Айткулов көчөсүндөгү үйдүн короосунун чыгып бараткан Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаага кол салышкан, бирок каалаган натыйжага жетпей, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Төрт айдан кийин шектүү катары сегиз адамды кармалган. Алардын баары бир топто болгон жана куралдуу каракчылык менен алектенишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18