09:16, 17 мая 2024, 24.kg

Чет өлкөдөгү тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүүдө

Чет мамлекеттердеги тергөө абактарында Кыргызстандын 788 жараны сот чечимин күтүп отурат. Алардын 742си Орусияда. Бул тууралуу 16-майда Жогорку Кеңеште юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

«Башка статистикаларга токтоло турган болсом, Түркияда 13, Тажикстанда 9, Казакстанда 5, Италияда 5, Венгрияда 4, Германияда 4, Египетте 2, Сауд Арабияда 2, Түштүк Кореяда бир, Чехияда бир, Францияда бир, Монголияда бир жараныбыз бар», — деди Сыдыков.

Ал эми чет элде соттолуп, жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардын саны 1 587 киши. Алардын 750гө жакыны Орусияда. Андан тышкары, кошуна өлкөлөрдө, Араб мамлекеттеринде, Европада, Кытайда, Түштүк Кореяда бар.

Өкмөт Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине жана Жаза аткаруу кодексине өзгөртүү киргизилген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштады. Документ чет элде камалган кыргызстандыктарды өлкөсүнө алып келүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөйт. Мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18