15:23, 16 мая 2024, 24.kg

Малайзиянын премьер-министри «Ала-Арча» жаратылыш паркына барды

Президент Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында анын расмий сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлерин төкмө акындар, «Алптар» баатырлары жана «Аталар изи» улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Кол өнөрчүлөр аллеясын бойлото басып, Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагим көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляциялары, кыргыз элинин улуттук каада-салттары жана маданияты, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда уникалдуу буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышты, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор жергиликтүү тамак-аштардан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана Нурдин Тугелов атындагы мамлекеттик «Ак марал» бий ансамблинин аткаруусунда концерт тартууланды.

Ошондой эле «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18