12:07, 16 мая 2024, 24.kg

Кыргызстандык самбочулар Азия жана Океания чемпионатында тогуз алтын алышты

Казакстандын Актау шаарында өткөн Азия жана Океания өлкөлөрүнүн жаштар чемпионатында Кыргызстандык самбочулар жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Бул тууралуу Самбо федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандык спортчулар 9 алтын, 7 күмүш жана 22 коло медалга ээ болушту.

Өспүрүмдөр арасында командалык эсепте Кыргызстандын улуттук курама командалары биринчи, кадеттер арасында экинчи орунду алды.

Аслан Карабеков, Артур Сансызбеков, Эмирхан Жолдошказиев, Азамат Темирбеков, Никита Ворошилин, Талип Касымбаев, Луиза Асакеева, Бахридин Юнусов жана Эрбол Абалбеков чемпион болушту.

Федерация бул курама команданын тарыхындагы эң мыкты жыйынтык экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, турнирге 25 өлкөдөн 500 спортчу катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18