11:44, 16 мая 2024, 24.kg

Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн үй курула баштады

Раззаков шаарында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери үчүн турак үй курула баштады. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 32 батирлүү кызматтык турак үйдүн пайдубалына капсула салынды.

Курулуш иштери ИИМдин курулуш-монтаждоо башкармалыгы тарабынан колго алынып, аны кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата бүтүрүү пландалууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй болгон эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18