16:14, 15 мая 2024, 24.kg

Бишкекте Сириядагы согушка катышкан жаран кармалды

Бишкекте Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы Сирияда согушка катышкан 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

«Кыргызстандын жараны М.У. чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө жумушка алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Photo 330645

УКМК кармалган жаран Ирактын Мосул шаарындагы логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өтүп, эл аралык террордук уюмдун катарында Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышканын кошумчалады. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18